Бишкек-Ош унаа жолундагы жол тыгыны министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Мариповдун келгенине байланыштуу эмес. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Урматтуу мекендештер! Бишкек-Ош жолунун 133-141-чакырымында түзүлгөн унаалардын тыгыны аталган аймакка менин келгениме байланыштуу эмес. Автоунаалардын топтолушу жолдун көрсөтүлгөн тилкесинде жүргүзүлүп жаткан оңдоо иштери болуп жаткан үчүн пайда болгон. Көрсөтүлгөн жол тилкесин оңдоо 2021-жылдын 19-июлунда "Мостдорстрой" ЖЧК тарабынан башталган. Учурда унаа жолунун аталган участогунда асфальт-бетон төшөө үчүн негиз даярдоо боюнча иш жүрүүдө", - деп жазылат маалыматта.