Республикада буудайдын баасы бир жылдын ичинде дээрлик 40 пайызга жогорулады. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин сайтына жарыяланды.
Ага ылайык, Улуттук статистика комитети тарабынан республиканын 18 калктуу конушу боюнча жүргүзүлгөн, негизги социалдык маанилүү продуктулардын орточо керектөө бааларынын ар күндүк мониторинг жүргүздү.
Июль айына карата буудайга болгон баалар республика боюнча орточо эсеп менен 29 сом 15 тыйынды түзүп, өткөн жылдын ушул күнүнө салыштырмалуу 8 сом 2 тыйынга же 39,3 пайызга өскөнүн көрсөттү.
Ошол эле учурда буудайдын чекене баалары орточо республикалык көрсөткүчтөн жогору болуп:
Ал эми төмөн болуп:
Ушул жылдын июль айында мурунку айга салыштырмалуу республикадагы буудайга чекене баа 3 сом 4 тыйынга же 13,1 пайызга жогорулады.
Июль айында буудайга болгон баанын мурунку айга салыштырмалуу кыйла өсүшү Токтогул шаарында 47,1 пайызга жана Нарын шаарында 43,0 пайызга катталган.