Буга чейин Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашев Бишкек шаарына мэр болуп келери маалымдалган. SUPER.KG порталынын өздүк булагы аталган кызматка ким барарын билдирди.
Ага ылайык, президенттин иш башкармалыгынын башчысы Алмаз Мамбетов Ош шаарына мэр болот. Ал эми Мамбетов аркалап келген бул кызматка Бишкектин учурдагы мэрдин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов келе тургандыгын айтат өздүк булак.