Акыркы сутка ичинде COVID-19 жана пневмония илдети 897 адамдан аныкталды. Республикалык штабдан кабарлашкандай, ооруну жуктуруп алгандардын басымдуу бөлүгү Бишкек шаарында катталды.
Бишкек шаары - 619;
Ош шаары - 9;
Чүй облусу – 66;
Ош облусу – 6;
Талас облусу - 8;
Нарын облусу - 14;
Ысык-Көл облусу – 54;
Жалал-Абад облусу – 66;
Баткен облусу - 55.
Муну менен республика боюнча коронавирус инфекциясынан жабыркагандардын жалпы саны 164 миң 743 болду.
Ал эми бир сутка ичинде айыгып чыккандардын саны 1 миң 316 адамды түзүп, жалпы сакайгандар 147 миң 377ге жетти.