Биз социалдык тармакта

Вице-мэр Жамалбек Ырсалиевдин кырсыктан кийинки абалы сүрөттөрдө

Бишкек шаарынын вице-мэри Жамалбек Ырсалиевдин жол кырсыгына кабылгандан кийинки абалы жакшы. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык баракчалары аркылуу билдирди.

"Кагылайын калың журтум, бир аптадан бери мени менен кошо кырсыктагандай тынчсызданып, менин абалымды сурап кат жазып кабарлашып, жакын жердегилер оорукананын эшигин тындырбай, дарыгерлерди кошо ыраазы кылган сиздерге терең ыраазычылык билдирем", - деп жазган Ырсалиев.

Жол кырсыгынын чоо-жайы:

26-июлда ырчы Самара Каримова менен жолдошу Асан Мансуров жол кырсыгына кабылганы белгилүү болгон. Эртеси бул жол кырсыгына кабылгандардын арасында Бишкек шаарынын вице-мэри Жамалбек Ырсалиев жана дагы 2 жүргүнчү болгону, алар Оштон Бишкек шаарына келе жатканы маалым болгон.

Ал эми Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен бейтаптардын абалы тууралуу маалымат беришип, анда 3 жабырлануучу ооруканада жатканын айтып, абалдары туруктуу дешкен.

Кийинчерээк Самара Каримова автокырсык боюнча социалдык тармактагы баракчасына билдирүү калтырган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
mira28
2021-08-02 11:46:16
Асан менен Самара Бишкектен бир нерсе ондуруу учун чай берип жургондур да.Ал экоо жон журбой калдыго.Горуно алып кете тургансып дагы бир нерсеге жулунуп журушконго.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан