Биз социалдык тармакта

Ош шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Алмаз Мамбетов бул кызматка аны президент сунуштаганын айтты

Ош шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган Алмаз Мамбетов алдыдагы пландарын журналисттерге айтып берди.

"Мен Ошко мурда дагы көп келгем, эми кызмат менен келип жатам. Биздин ийгиликтүү иштеп кете аларыбызга көзүм жетет. Алган билимибиз дагы жетет дегендей. Анан дагы мага команда жардамын берип, бирге көп иштерди кылабыз деп ишенем", - деди Мамбетов.

Ошондой эле ал "Балким, Таалайбек Сарыбашов борборго кетип жатып өзүнүн командасын ошол жактан көргүсү келээр", - деген пикирин кошумчалады.

Өз сөзүндө ал мэрдин милдетин аткаруу сунушу президент Садыр Жапаровдон болгонун айтып өттү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
nazira...
2021-08-02 13:31:38
Командандасы жок иштесе болбойбу
+4
baisogur
2021-08-02 14:21:54
Таалайбек Сарыбашев Ошту гулдотуп койду эми Бишкекти гулдотот буйруса
+3
bond02
2021-08-02 15:50:15
Ошто да камерага тушуп калып журбо, жон жур кармабай.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан