Экс-президент Аскар Акаев бүгүн, 2-август күнү же 3-август күнү уулу Илим Акаев менен бирге Кыргыз өлкөсүнө келери күтүлүүдө. Бул тууралуу SUPER.KG порталына өздүк булактар билдирди.
Маалыматка ылайык, Акаевдин өлкөгө кандай максатта келери азырынча белгисиз.
Белгилей кетсек, мындан 16 жыл мурун, 2005-жылы 24-мартта өлкөнүн ар бир бурчунан келген эл толкуну Бишкекте чогулуп, ошол кездеги президент Аскар Акаевдин режими кулатылган. Тарыхта бул окуя "Жоогазын революциясы" деген ат менен калган.