Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Кыргызгидромет борборуна таянып, алдыдагы эки күндө сел жүрүү кооптуулугу бар экенин эскертти.
Шашылыш билдирүүдө 2-4-август күндөрү өлкөнүн тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда күндүн көзү бузулуп, нөшөрлөп жаан жаай турганы айтылат.
Буга байланыштуу сел жүрүшү мүмкүн, мөңгүлөрдөн башталган дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү ыктымал.