Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев өлкөнүн тун президенти Аскар Акаевдин өлкөгө келиши боюнча оюн айтты. Ал муну өзүнүн социалдык тармактагы каналы аркылуу билдирди.
Айтымында, бул жерде сөзсүз бир кызыкчылык болгон.
"16 жылдан бери мекенин көрбөгөн сезим башкача болсо керек. Бирок кандай жол менен келгени белгисиз. Кандай болсо дагы аны атайын келишим менен алып келди. Балким, акча төлөп кайра чыгат", - деп айткан Бекешев.