Укук коргоочу Токтайым Үмөталиева Аскар Акаевдин өлкөгө келгени боюнча төмөнкүлөрдү билдирди.
"Аскар Акаев УКМКга келип, сурак берип жатыптыр деген сөздөр тарап кетти. Мен өзүм үй-бүлөсүнө, тагыраагы, Майрам Акаевага (Ал азыр Женевада Бермет кызы менен экен) байланышсам Аскар Акаев уулу Илим менен ачык-айкын суракка чакырып жатат. Эмне болсо ошо болсун деп эч кимге айтпай Кыргыз өлкөсүнө келе бергенин айтты. Мындай чечим кабыл алганы абдан туура! Аксакалдык чечими.
Азыркы учурда Аскар Акаев УКМКда адвокаты менен сурак берип жатат.
Буга чейин "Кумтөрдүн" тегерегинде уламыштар чыгып кетти. Бүгүн Акаев баарына ачык-айкын жооп берип, журналисттер аркылуу элге жетиши керек", - деп билдирди Токтайым Үмөталиева.