Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Таалайбек Сарыбашов мэрияда иштеген уулун кызматтан алды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Таалайбек Сарыбашовдун буйругу менен Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратынын уюштуруу-инспектордук бөлүмүнүн адиси Н.Насирбеков кызмат ордунан бошотулду. Н.Насирбеков Таалайбек Сарыбашовдун уулу. Ал сынактан өтүп Бишкек шаарынын мэриясында иштеп жаткан", - деп билдирди басма сөз кызматынан.