Биз социалдык тармакта

Аскар Акаев: "Садыр Жапаровго жолуктум, ага ыраазычылык билдирдим"

Кыргыз өлкөсүнүн алгачкы президенти Аскар Акаев УКМКнын имаратынан чыгып журналисттердин суроолоруна жооп берди.

"Чын дилимден "Кумтөрдү" эмне себептен курганыбызды, кандай каталачылыктарды кетиргенибизди, бир сөз менен айтканда баарын айтып бердим. Бирок териштирүү иштери улантылат.

Бүгүн жаңы эле учуп келдим. Дагы иштер менен таанышуум керек. Өлкө жетекчилигине ыраазымын.

Дээрлик 16 жылдан кийин өлкөмө келдим. Абдан сүйүнүп турам.

Садыр Жапаровго жолугуп, ага ыраазычылык билдирдим", - деп билдирди Акаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Datka7777
2021-08-02 20:08:25
Кетпей эле коюнуз
+2
Agayu
2021-08-02 20:16:33
Мен лично каршы эмесмин : сазайынын алды : Эми ощибкасын кайталабаш керек .Мен дагы ото кубанычтамын.
+7
IOA
2021-08-02 20:26:07
Кыргызстанды талкалаган дал ушул киши.
+3
TIMON_BERKOWITZ
2021-08-02 22:17:47
IOA, Бул эле эмес, миндеген кишилер талкалады. Дагы деле талкалап журушот. Колундагы отверткасы менен ондойбуз деп, корунгон жерди тешип бутушту))
+1
ayzhan12
2021-08-02 22:25:28
TIMON_BERKOWITZ,
Азыркы бийлик деле жарытпайт коросунор.
-1
modem4999
2021-08-02 23:55:10
Журналистердин суроолорунан коркуп качып кетти го шыйпандап
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан