Москвадагы «Садовод» базарынын айланасында кармалган 16 кыргызстандык бошотулду

Москва шаарынын «Садовод» базарынын айланасында 28-октябрда полиция кызматкерлери тарабынан эмгек мигранттарын массалык түрдө кармоо болгон. Буга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Орусиядагы элчилигинин кызматкерлери Москванын түштүк-чыгыш аймагындагы ички иштер органдарын кыдырып, жолугушууларды өткөрдү. Бул тууралуу аталган элчиликтин басма сөз кызматы билдирди. «Садовод» базарынын айланасында кармалган бир миңден ашык эмгек мигранттарынын арасында Кыргызстандын 16 жараны бар экендиги аныкталды. Орусиянын миграциялык мыйзамдуулугун сактап, эч кандай кылмыш жасабагандыктан, алардын бардыгы бошотулду.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан