Биз социалдык тармакта

Жүрөк жарылчудай мезгил... Акжол Махмудовдун кичи мекенинде тургундар беттешти чогуу көрүүгө даярданышууда

Токио шаарында өтүп жаткан XXXII жайкы Олимпиада оюндарынын алкагында кыргыз балбаны Акжол Махмудов бүгүн, 3-август күнү килем үстүнө чыгат.

Балбандын кичи мекени Араван районунда учурда оюнду көрүүгө атайын даярдыктар көрүлүп жатат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Араван районунун акими Сейтек Кулубаев билдирди.

"Биздин райондо жергиликтүү бийлик балбан балабыздын беттешин жалпы элге көрсөтүүгө чоң даярдык көрүп жатат. Азыр маданият үйүнө экран коюлуп, Акжол Махмудовдун сүрөттөрү түшүрүлгөн баннерлери илинип жатат. Бүгүн, 3-августта оюн саат 16:30да башталат. Каалоочулар аталган маданият үйүнө келип, сыймыгыбызды бирге эл менен алга сүрөп турса болот.

Ал эми Акжолдун ата-энесин, тууган-туушкандарын алып келүү боюнча аталган айылдын айыл өкмөт башчысына тапшырмалар берилди", - деди Кулубаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
nukura_jigit
2021-08-03 12:50:17
Керемет
+4
Kanzada97
2021-08-03 12:56:09
Ыйлагынды келтирет, Аллахым оюндун оң тарабынан берсе экен!
+12
Pankration_MMA
2021-08-03 13:47:34
Спортту Таластан талашпагыла, даже бизде олимпиада күмүшү бар, деп өпкөлөнүшөт эле, араванда деле олимпиада күмүшү барго уже)))!
+4
ZALKARBEK.84
2021-08-03 14:26:07
Pankration_MMA,доске неге кумуш дейсин Аллах насип кылсын алтын медалды. Таластык-Аравандык бары Кыргызстандык. Негатив комментарий жазба.
+6
muslima-0788
2021-08-03 13:53:15
прямой эфирден каерден кантип коробуз уйдон айтып койгулачы
0
ZALKARBEK.84
2021-08-03 14:27:43
muslima-0788, саат 15:00дон 18:00го чейин сыналгынын алдынан жылбайбыз буюрса.
+3
bond02
2021-08-03 14:40:43
5чи суротто Араван эмес Нарын.
0
nazira...
2021-08-03 18:28:34
Кандай сонун балан ушинтип жениш влып атса
+1
Birimdik5555
2021-08-04 00:56:17
Ак жол сага, жолун ачылып коп коп алтын медалдарга жет ылайым
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан