
Википедия интернет энциклопедиясында өлкөнүн биринчи айымы Айгүл Жапарова тууралуу баракча түзүлдү. Анда биринчи айым жөнүндө жалпыланган жана маектеринен алынган үй-бүлөлүк маалыматтар камтылган.
Белгилүү болгондой, Айгүл Жапарованын баракчасы 7-июлда Roman Kubanskiy аттуу интернет колдонуучу тарабынан ачылган. Бирок биринчи айымдын социалдык тармактарда расмий баракчалары жок. Анын аткарган иштери "Үмүт булагы" коомдук уюмдун Фейсбуктагы баракчасына жарыяланып турат. Бул уюмду Айгүл Жапарова өзү жетектейт.
Википедияда баракча ачып, маалымат киргизүү баарына жеткиликтүү болгондуктан, андагы маалыматтар 100 пайыз туура дегенге кепилдик жок.