Бүгүн, 3-августта "Токио-2020" жайкы Олимпиада оюндарында кыргыз балбандары Акжол Махмудовдун финалдык беттеши, Айсулуу Тыныбекованын жарым финалдык беттеши жана Мээрим Жуманазарованын коло байге үчүн беттеши Бишкектеги "Ала-Тоо" аянтында чоң экранда көрсөтүлүүдө.
Учурда "Ала-Тоо" аянтында эл чогулуп, балбандардын мелдешин күтүшүүдө. Алардын арасынан УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевди да байкоого болот.
"Биздин спортчуларыбыз мамлекетибиздин намысын жакшы коргоп жатышат. Айрыкча күрөштө биздин уул-кыздарыбыз жакшы чыгып жатат. Акыркы 50 жылдан бери мындай ийгиликке жете элек болчубуз. Ошондуктан бүгүн биз үчүн, мамлекетибиз үчүн тарыхый күндөрдүн бири болот деп ойлойм", - деп билдирди Ташиев.