Бүгүн, 3-августта "Токио-2020" жайкы Олимпиада оюндарында кыргыз балбаны Айсулуу Тыныбекованын жарым финалдык беттеши Бишкектеги "Ала-Тоо" аянтында чоң экранда көрсөтүлдү. Бир аздан соң Акжол Махмудовдун финалдык беттеши жана Мээрим Жуманазарованын коло байге үчүн беттеши көрсөтүлөт.
Учурда "Ала-Тоо" аянтында эл чогулуп, балбандардын мелдешин күтүшүүдө. Алардын арасынан министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Мариповду да байкоого болот.
"Кудай колдосун. Негизи эле Олимпиадага катышып жаткан бардык спортчуларга ыраазычылык билдирем. Элибизге кут келсин. "Ала-Тоо" аянтында, Манас атабыздын эстелигинин жанында турабыз", - деп билдирген Марипов.