Социалдык тармактарда Акжол Махмудовдун алтын албай калганына кабатырланган кичинекей күйөрманы көпчүлүктүн көңүл чордонунда болууда.
Аталган видео кечээ, 3-августта Нарында тартылган. Темучин аттуу бала Акжол Махмудовдун алтын медалга жетпей калганына ичи ачышып, ызаланып ыйлаган. Бул видеону режиссёр Руслан Акун өзүнүн Инстаграм баракчасына чыгарган.