Биз социалдык тармакта

Айыл чарба министри: "Быйыл азык-түлүктөр былтыркы жылга караганда 35 пайыз төмөн болот"

Бүгүн, 4-августта айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков түшүм жыйноонун жана тоют менен камсыздоонун жүрүшү, айыл чарба жаныбарларынын экспорту жана импорту үчүн шарттарды түзүү жана карантиндик аймактардын ачылышы жөнүндө маалымат жыйын берүүдө.

Министрдин айтымында, айыл чарба техникаларынын 82 пайызы оруп-жыйноо иштерине даяр.

"Бүгүнкү күндө азык-түлүк продукциясы былтыркы жылга караганда 30 пайызга азыраак. Ошондуктан айрым азыктардын баасы кымбаттап кетти. Бирок биз бааны кармап туруу үчүн бардык аракетти көрүп жатабыз. Биз кээ бир айыл чарба өндүрүмдөрүнө тышка экспорттоого чектөө киргиздик. Эмне себептен өндүрүм аз болгонун баарыңар билесиздер, мөңгүлөр эрибегендигине байланыштуу бизде быйыл сугат суулар аз болду", - деди Жаныбеков

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Antiradikal3
2021-08-04 10:37:07
Зима тоже не будет?...
0
Dembele84
2021-08-04 10:38:25
Ушинтип айтып коюп кайра эле бааны козомолдой албай жатасынар.Эл айтып чыкса жугуруп каласынар,а так кабинеттен чыкпай жатасынар!
+1
modem4999
2021-08-04 10:54:11
Ошондо ким куноолу, монгулор куноолу экен да.
0
Antiradikal3
2021-08-04 11:36:00
Сууну Окмот жен ичинен озбек, казак, тажиктерге сатып жатса, озубуздун элди, дыйкандарды ойлобой. Анан туштон кийин шылтоолору даяр. Эмне, быйыл жылдагыдан аз бекен картошка, сабиз, пияз ж.б.? Жылдагыдай эле. Бирок баалары асманда. Баалардын асманда болуусунун 2 себеби бар.
1) чыгымдар осуп жатат. Окмоттун акмак саясатынын айынан бензин, солярка, жер семирткичтер ж.б. баасы асманда болуп, жашылча жемишти ондурууго кеткен чыгымдар жылдагыдан коп.
2) ортомчу кызыл кулактар бааны котор
0
Rifle_I
2021-08-04 17:39:46
Министрликке таза конкурс менен келиш керек. Атайын экзаменден өтүп. Ошондо акылы бар, билимдүү адис келет. Маңкурттар таанышы президент болсо да келбейт.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан