Биз социалдык тармакта

Прокуратура: "Бакиев Кыргыз өлкөсүнө келсе токтоосуз түрдө камакка алынат"

"Кумтөр" алтын кенине байланышкан коррупциялык факты боюнча кылмыш иши тергөө улантылып жатканын УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашты. Аталган мекеме мурдагы президент Курманбек Бакиев өлкөгө келсе камакка алынарын белгиледи.
Кылмыш иши боюнча тергөөнүн жүрүшүндө коррупциялык кылмышка аралашкан бир нече кызмат адамдарына, Жогорку Кеӊештин депутаттарына кылмышка шектелгендиги тууралуу кабарламалар берилген. Анын ичинде 1992-жылдагы "Кумтөр" жөнүндөгү башкы келишимдин долбооруна, 1994-жылдагы ага киргизилген өзгөртүүлөргө, андан сырткары 2003-жылдагы "Камеко" компаниясы менен түзүлгөн башкы келишимди реструктуризациялоодогу коррупциялык аракеттери үчүн мурдагы президент Аскар Акаевге шектенүү жөнүндө кабарлама чыгарылган.
"Аталган иш боюнча зарыл болгон тергөө аракеттерин жүргүзүү жана укук коргоо органдарындагы башка маселелерди тактоо үчүн 2021-жылдын 2-августунда Акаев Бишкек шаарына алынып келди. Учурда ал тергөө органдары менен активдүү кызматташууда.
Ал эми Курманбек Бакиев боюнча тактоо иретинде төмөндөгүнү билдиребиз, эгерде ал Кыргыз Республикасынын аймагына келсе же укук коргоо органдары тарабынан алып келинсе, 2016-жылдын 29-июлундагы соттун өкүмүнүн негизинде токтоосуз камакка алынат. Анткени 2010-жылдын 7-апрелиндеги окуялар жана башка кылмыштары үчүн Курманбек Бакиев соттун өкүмүнө ылайык 30 жылдык мөөнөткө эркиндигинен ажыратылып, өкүм күчүнө кирген", - дешти мекемеден.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Men_ele
2021-08-04 11:44:17
"Анан акчасын алып кайра коё беребиз"-дегенди унутуп калыптырсыңар...
+3
IOA
2021-08-04 11:51:23
Калыс болгула экоонун куноосу бирдей
+14
raikakyz
2021-08-04 12:22:59
7-апрель окуясын К.Бакиев уюштурган эмес. Снайперди уюштурган адам азыр камакта отурат. Аллах гана билүүчү улуу зат!
+20
PATRIOT-BALA.KG
2021-08-04 12:53:26
7-апрелде ким аракка тойгозуп алдына салып алып куралдуу төңкөрүш кылганын баары билет
+17
SHaidulda
2021-08-04 13:32:04
Бул келбесин келсе кобубуздун бетибиз ачылат деген соз
+13
bond02
2021-08-04 13:33:17
Бакиев кайсы манжасын корсотот экен силерге. Келсе деп коюп отура бергиле.
+7
nazira...
2021-08-04 13:45:25
Эмнеге камайт. Акаев таза.бекен эмне. Прокуратура.болгондон кийин бирдей карагыла. Акаев кумтөрдо таза болсо.башка иши боюнча караган жоксуңар. Коркоксуңар баарын
+9
Kuban-1207
2021-08-04 14:19:22
Бакиев камалсын
-7
Salixa.
2021-08-04 14:49:51
С.Жапаров туура айтты биз бири бирибизди куугунтуктап ,кеткенин келгени камап ,жүрө берсек качан өнүгөбүз .Дагы да эгемендүүлүктүн 30 жылын бири бирибизди каралап күнөөлөп ,камап кайра чыгарып,жүрүп өткөрдүк.Көп өлкөлөр алдыга кетти..а биз иштей турганын колдоп иштетип албай ,аркада калып жатабыз.Негизи коркунучтуу жегич,саткын адамдар КР да олтурушат.
(Бул өлкөнүн башчылары качкын,эли сабатсыз ,бул элге башчынын кереги жок ..тиги бу деп канча элге сөз болуп жатабыз.)
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан