Биз социалдык тармакта

Элчилик: "Орусиянын аймагында кармалган Кыргыз жарандары бошотулду"

Орусияда кармалган Кыргыз жарандарына консулдук жана укуктук жардам көрсөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Орусиядагы элчилигинин консулдук кызматкерлери Москва шаарынын полиция бөлүмдөрүнө барышты. Бул туурасында элчиликтин басма сөз кызматынан кабарлашты.
"Орусиянын ИИМинин Москва шаары боюнча башкы башкармалыгынын Түндүк-Чыгыш административдик округунун Ички иштер департаментине 32дей Кыргыз жараны алып келинген. Алардын ичинен 25 адам текшерүүдөн жана идентификациялоо процедурасынан кийин бошотулган. 2-августта калган 7 Кыргыз жараны элчилик тарабынан сүйлөшүүлөрдөн кийин бошотулган.
3-августта элчиликке Преображенская аянтынын метро станциясынын жанынан Кыргыз Республикасынын 22 жараны кармалганы тууралуу маалымат келип түшкөн. Анын ичинен 6 жаран административдик айыбы бар үчүн кармалган. Административдик протокол түзүлгөндөн кийин жарандардын баары коё берилген", - дешти мекемеден.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Apyn8793
2021-08-04 15:29:39
Эгер эч документин жок болуп кармалса эмне кылышат полициялар?
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан