Бириккен дүйнөлүк күрөш (UWW) уюму Мээрим Жуманазарованы тарыхтын жаратуучусу деп атады. UWW уюму мындай билдирүүнү Инстаграмдагы расмий баракчасына жарыялады.
Белгилей кетсек, кечээ, 3-августта Жуманазарова Кыргыз өлкөсүнүн тарыхында биринчи болуп аялдар арасында Олимпиада оюндарынын медалын утуп алды.
Мээримге чейин Айдын Смагулов, Канатбек Бегалиев, Руслан Түмөнбаев, Базар Базаргуруев жана Акжол Махмудов Кыргыз өлкөсүнүн тарыхында Олимпиада медалдарын алышкан.