Биз социалдык тармакта

Ош шаарында үч муниципалдык ишкананын жетекчилери кызматтарын тапшырышты

Ош шаарында үч муниципалдык ишкананын жетекчилери шаардык кеңештин депутаты болуп шайлангандан кийин кызматтарын тапшырып беришти. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, алар шаардык "Сууканалдын" башчысы Долатбек Кокочоров, "Ош-Тазалык ишканасынан" башчысы Нурбек Исмаилов, Ош шаарынын жылуулук берүү муниципалдык ишканасынын жетекчиси Бекмырза Эргешов кызматтарынан өздөрү жазган арызынын негизинде 30-июлда жумуш ордуларынан бошотулган.

Буйрукка Ош шаарынын биринчи вице-мэри Замир Юсупов кол койгон.

Учурда Ош шаарынын жылуулук берүү муниципалдык ишканасынын башкы инженери Нурлан Мурзаматов, "Сууканал" муниципалдык ишканасын башкы инженер Ормош Осмонов, "Ош-Тазалык" муниципалдык ишканасынын жетекчисинин орун басары Сардор Тажибаев аталган кызматтарды убактылуу башкарышууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
nazira...
2021-08-04 17:03:29
И эмне болуптур буларга. Жаңы мэр жакпаптыр сыягы. Көкөчөровго эмне болду экен, ал түшпөсхан эмес беле. Эми кээбир суу жетпеген домдордун 4,5 этаждарына суу жакшы чыгып калаар жаны жетекчи келсе. А оплатасын 100% төлөшөт, напор жок суу аз чыгат экен эле.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан