Ош облусунун административдик сотунун жана Ысык-Көл облусунун Ак-Суу райондук сотунун судьяларынын ыйгарым укуктары токтотулду. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Кыргыз Республикасынын судьялар кеңеши тарабынан президент Садыр Жапаровдун атына жергиликтүү соттордун айрым судьяларынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу аларды кызматтан бошотуу боюнча сунуштар келген.
Конституциянын жана мыйзамдардын ченемдеринин негизинде мамлекет башчысы кол койгон жарлыкка ылайык, Зарина Абдыкадырова, Эрмек Шаршеев Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьялык кызматтарынан бошотулган.
Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.