
Бүгүн, 5-август күнү Билим берүү жана илим министрлигинде өлкөнүн билим жана илим тармагынын актуалдуу маселелерине арналган маалымат жыйыны өтүүдө.
Анда билим берүү жана илим министринин орун басары Нурлан Өмүров жогорку окуу жайларда жаңы окуу жылы онлайн же офлайн түрүндө болору эмдөө процессинен көз каранды экенин айтат.
Ал белгилегендей, жаңы окуу жылында мугалимдердин 70 пайызы эмделсе окуу форматы офлайн түрүндө жүргүзүлөт.