Ош шаарында ичүүчү таза суу убактылуу токтотулду. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Папан суу сактагычына жакынкы жылгалардан сел жүрүп, Ак-Буура дарыясындагы суунун ылайланышы нормадан жогору болгондугуна байланыштуу Ош шаарынын Юго-Восток, ХБК, Туран кичи райондорунан жана Достук, Калинин массивдеринен башка аймактарына таза суу берүү убактылуу токтотулган.
"Маалымат алуу үчүн байланыш телефондору: 105, 8-11-15, 8-11-51, 0553 200-105, 0225 105-105, 0999 105-105. Суу ташуучу унаалар (водовоз) менен аймактарга таза суу жеткирүү үчүн төмөнкү байланыш номери аркылуу билдирүү калтырсаңыздар болот: 03222 5-04-16 "Ош шаар суу канал" ишканасы", - деп айтылат маалыматта.