
Республикадагы калкты тейлөө борборлорунун иши 9-августтан баштап стандарттык иштөө режимине өтөт. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.
Буга чейин 4-июлдан тартып өлкөнүн бардык калкты тейлөө борборлорунда саат 8:00дөн 19:00гө чейин иштөө графиги пилоттук режимде киргизилген. Өзгөртүүнүн максаты - жарандар үчүн мындай режимдин ыңгайлуулугун 31-августка чейин сыноо болчу.
"Бирок мындай иш тартибинин натыйжалуулугу болбогондуктан калкты тейлөө борборлорунун иштөө графигин баштапкы режимге кайтаруу чечими кабыл алынды.
9-августтан тартып калкка кызмат көрсөткөн борборлор жана жарандык абалдын актыларын, калкты каттоо жана паспорттоштуруу бөлүмдөрү саат 9:00дөн 18:00гө чейин стандарттык иштөө графигине өтүшөт", - дешет маалымат кызматынан.