Биз социалдык тармакта

Күн ачык болот. 6-августка карата аба ырайы

Эртең, 6-августта өлкө аймагында түнкүсүн жаан-чачын жаабайт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.

Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Ош , Жалал-Абад, Чүй, Талас облустарынын тоолорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +16...+21, күндүз +30…+35;

Талас жергесинде түнкүсүн +13...+18, күндүз +29…+34;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн +18…+23, күндүз +32…+37;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +11…+16, күндүз +22…+27;

Нарын облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +22…+27;

Бишкекте жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +18…+20, күндүз +33…+35 градус болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан