Борбордо узундугу 40,15 чакырым болгон 32 көчө оңдолууда, алар ноябрдын аягына чейин пайдаланууга берилет. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жалпы узундугу 12 чакырым болгон асфальт-бетон төшөлмөсүнүн астыңкы жана үстүңкү катмарын төшөө иштери төмөнкү көчөлөрдө жүргүзүлүүдө:
- Сухэ-Батор көчөсү Каралаев көчөсүнөн Шабдан баатыр көчөсүнө чейин;
- Карасаев көчөсү Байтик баатыр көчөсүнөн Карадаринская көчөсүнө чейин;
- Кокчетавская көчөсү Махатма Ганди көчөсүнөн Тоголок Молдо көчөсүнө чейин;
- Ташкент көчөсү Турусбеков көчөсүнөн Тоголок Молдо көчөсүнө чейин;
- Түгөлбай-Ата көчөсү Орозбеков көчөсүнөн Ибраимов көчөсүнө чейин;
- Кулатов көчөсү Каракулская көчөсүнөн Байтик-Баатыр көчөсүнө чейин;
- Каркыра көчөсү Гагарин көчөсүнөн Ак-Ордо көчөсүнө чейин ("Ак-Ордо" жаңы конушу);
- Стадионная көчөсү Абдрахманов көчөсүнөн Магистралга чейин (Ынтымак конушу);
- Ажыбек Баатыр көчөсү Жунусалиев көчөсүнөн Манас проспектисине чейин;
- Жолон көчөсү Ашар көчөсүнөн Алыкулова көчөсүнө чейин;
- Буденный көчөсү Чүй проспектисинен Жибек-Жолу проспектисине чейин;
- Жукеев Пудовкин көчөсү Кулатов көчөсүнөн Ахунбаев көчөсүнө чейин;
- Матросов көчөсү Ахунбаев көчөсүнөн Медеров көчөсүнө чейин;
- Өмүр көчөсү Т.Фрунзе көчөсүнөн Ашар көчөсүнө чейин.
Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө борбор калаанын 9 көчөсүндө жол куруу иштери аяктап, 32 көчөдө оңдоо иштери уланууда.
"Бишкек шаарынын көчө-жол тармагын өнүктүрүү" долбоорунун экинчи этабы эки жылга эсептелген. Жалпы узундугу 70 чакырымдан ашык 2021-жылы 44 жолду, 2022-жылы 16 көчөнү реконструкциялоо жана 5 көпүрөнүн курулушу пландалууда. Оңдоо иштери Кытай Эл Республикасынын гранттык каражаттарынын эсебинен жүргүзүлүүдө.
Урматтуу шаардыктар, жүрүп жаткан жол иштерине түшүнүү менен мамиле кылууну жана маршрутуңузду алдын ала пландаштырууну суранабыз", - деп айтылат маалыматта.