Биз социалдык тармакта

Улуттук статистика комитети: "Июль айында АИ-92 бензинине болгон эң жогорку баа Исфана, Баткен, Ноокатта катталды"

Улуттук статистика комитети өлкөдө күйүүчү майларга болгон чекене баа өсүп жатканын кабарлайт. Белгилүү болгондой, аталган комитет тарабынан республиканын 18 калктуу конушу боюнча АИ-92 бензиндин жана дизель майынын бааларына ар күндүк мониторинг жүргүзүлгөн. Анын жыйынтыгына ылайык, июль айына карата АИ-92 бензинине болгон баалар республика боюнча орточо эсеп менен 53 сом 32 тыйынды, ал эми дизелдик отундун баасы литр үчүн 48 сом 11 тыйынды түздү.

АИ-92 бензинине болгон жогорку чекене баалар:
Исфана - бир литри үчүн 57 сом 75 тыйын;
Баткен - бир литри үчүн 57 сом 12 тыйын;
Ноокат - бир литри үчүн 56 сом 10 тыйын.

Ал эми минималдуу баалар:
Токмок - бир литри үчүн 51 сом 46 тыйын;
Нарын - бир литри үчүн 51 сом 63 тыйын;
Талас - бир литри үчүн 51 сом 69 тыйын.

Муну менен катар дизелдик отундун эң жогорку чекене баасы:
Ноокат - бир литри үчүн 51 сом 55 тыйын;
Баткен - бир литри үчүн 51 сом 16 тыйын;
Кара-Суу - бир литри үчүн 50 сом 14 тыйын.

Минималдуу баалар:
Токмок шаарында - бир литри үчүн 45 сом 86 тыйын;
Нарын шаарында - бир литри үчүн 46 сом 24 тыйын;
Чаек айылында - бир литри үчүн 45 сом 92 тыйын.

Июль айында айрым калк жашоочу пункттарда күйүүчү майлардын орточо чекене баалары:

Бензин АИ-92

Четтөө:

өсүүсү (+), төмөндөөсү (-)

Дизелдик отун

Четтөө:

өсүүсү (+), төмөндөөсү (-)

2020

2021

2021

2021

Кыргыз Республикасы

32,55

53,32

20,77

35,35

48,11

12,76

Каракол шаары

32,54

51,90

19,36

35,34

46,53

11,19

Балыкчы шаары

31,74

52,02

20,28

34,53

46,68

12,15

Кербен шаары

32,39

54,83

22,44

35,25

49,90

14,65

Токтогул шаары

32,03

52,63

20,60

34,33

47,28

12,95

Жалал-Абад шаары

30,68

53,79

23,11

33,52

47,74

14,22

Чаек айылы, Жумгал району

33,90

52,04

18,14

36,90

45,92

9,02

Нарын шаары

31,55

51,63

20,08

35,70

46,24

10,54

Исфана шаары

33,87

57,75

23,88

35,77

50,82

15,05

Баткен шаары

35,23

57,12

21,89

37,90

51,16

13,26

Кара-Суу шаары

33,90

54,94

21,04

36,50

50,14

13,64

Ноокат шаары

33,23

56,10

22,88

34,40

51,55

17,15

Өзгөн шаары

33,30

55,35

22,05

36,43

49,69

13,26

Покровка айылы, Манас району

29,90

52,43

22,53

32,90

47,16

14,26

Талас шаары

30,29

51,69

21,40

32,15

46,84

14,69

Кара-Балта

31,35

52,56

21,20

33,78

47,62

13,83

Токмок шаары

29,64

51,46

21,83

32,62

45,86

13,24

Бишкек шаары

32,73

52,87

20,14

35,62

47,89

12,26

Ош шаары

33,89

55,29

21,40

36,46

49,96

13,51

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Pankration_MMA
2021-08-06 05:16:13
Эмнеге казахстандан албайт бензинди? Аларда 35 сом элего.
+1
bratanyn
2021-08-06 06:19:20
Бизде бензин67сом дизел 60сом
+3
Ulan899
2021-08-06 06:28:07
Супер инфо маалыматты туура жазгыла бизде Исфанада 1 литр АИ-92 бензин 61.5 сом.Дизель 54.5 сом.
+2
Guliii
2021-08-06 08:54:33
кызыл кыяда 59.90 сом литри
+2
Azatbek-83
2021-08-06 09:26:29
Тогуз Тородо 92 маркасындагы май 62 сом
+1
freedom11
2021-08-06 09:48:55
Карасууда 57.9
+1
Antiradikal3
2021-08-06 10:01:14
Биринчиден Улуттук статистика комитетин жоюп салса да болот. Калп айтып акча алгандан башкага жарабайт. Орточо аи 92 53 сом эмес, 55 сом болду.

Эми мына ушунун баарына Садыр менен Камчы куноолуу. Булар бийликке келгенде аи92 бензиндин баасы болгону 30 сом болчу. Россияда бензин 1 жылда болгону 3-5 рубль которулду. А бизде 27-29 сом которулуп жатат куздон бери эле. Калп эле Россия кымбат сатып жатат деп актанып жатышат. Бул жерде ото чон мафия бар, президентке чейин доляда отурушат
+1
Palpa
2021-08-06 16:07:05
Баалардын кандай экенин жазбасанар деле билип жатабыз,кыйраткансып жоктон тапкансып жазбай, качан арзандайт же дагы кымбаттайбы ошону жазбайсынарбы.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан