Биз социалдык тармакта

Садыр Жапаров иш сапары менен Түркмөнбашы шаарына барды

Бүгүн, 5-августта президент Садыр Жапаров иш сапары менен Түркмөнбашы шаарына барды. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мамлекет башчысынын учагы Түркмөнбашы шаарынын эл аралык аэропортуна келип конуп, аны траптан Түркмөнстандын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Чарымурад Пурчеков тосуп алды.

Эл аралык аба майданында Борбор Азия өлкөлөрүнүн мамлекеттик туулары илинип, килемчелер төшөлгөн.

Эске салсак, иш сапарынын алкагында Садыр Жапаров Борбор Азия мамлекет башчыларынын консультативдик жолугушуусуна катышат жана мүчө-мамлекеттердин президенттери менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Asmat84
2021-08-05 19:54:01
Кызык... Эмнеге барды экен. Ат тезегин кургатпай барганына караганда бир мандем бар
+2
basyz-kaman
2021-08-05 20:32:38
Жаңылыктарды окубай, дүйнөдө эмне болуп жатканынан кабары жок адамдарда дагы бир мандем бар...
-2
Antiradikal3
2021-08-05 21:40:00
basyz-kaman, барган менен эшектин тушоосун да чечууго жарабагандан кийин, ошол барып кайткан самолеттун керосинин да актабагандан кийин, барып эмне кылат деген суроо сендей ДАКАНСАлардын тушторуно уч уктасанар да кирбейт...
+1
rysik79
2021-08-05 23:07:35
Помидор менен сабиз ала келет
+4
TIMON_BERKOWITZ
2021-08-06 08:02:22
Помидор түгөндүбү?)))
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан