Биз социалдык тармакта

Бишкектик окуучу математика боюнча эл аралык олимпиадада коло медалды багындырды

Бишкектик окуучу өспүрүмдөр арасындагы Балкан математикалык олимпиадасында коло медалды багындырды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан маалымдашты.
Маалыматта жазылгандай, 1-июлдан 4-июлга чейин өспүрүмдөр арасында 25-Балкан математикалык олимпиадасы (JBMO 2021) болуп өттү. Ага 22 өлкөдөн 128 окуучу катышты.
Олимпиаданын жыйынтыгы боюнча Бишкек шаарындагы Е.Б. Якир атындагы № 61 автордук физика-математикалык мектеп-лицейдин окуучусу Фёдор Корнияш коло медалды утуп алды. Аны олимпиадага математика мугалими Мамат Ишматов даярдаган.
Олимпиаданын алдында команда даярдыктан өткөн. Команданын курамында төмөнкү окуучулар болгон:
1. Фёдор Корнияш;
2. Абдумалик Турсунов;
3. Максим Залепо;
4. Станкулов Илим;
5. Нурсултан Эшперов;
6. Актан Койчуманов.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан