Биз социалдык тармакта

140 үйдүн курулушу жүрүп жатат. Баткенде чек ара жаңжалында зыянга учураган турак жайларды калыбына келтирүү иштери жүрүүдө

Баткен облусунун Лейлек районундагы Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек арасындагы окуядан зыянга учураган турак-жайларды калыбына келтирүү иштери кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

"Жалпысынан 140 үйдүн курулушу жүрүп жатат. Бүгүнкү күндө анын 80ге жакыны бүтүп калды. 140 үйдү 31-август Эгемендүүлүк күнүнө карата тапшыруу пландаштырылган.

Мындан сырткары социалдык объектилер мектеп, бала бакча, ФАП курулуп жатат. Анан да каргашалуу окуяда каза болгон жарандардын жакындары үчүн 36 үй бардык шарты менен салынып жатат. 36 үйдү да 31-августта тапшыруу пландаштырылган", - деп билдиришти өкүлчүлүктөн.

Жалпысынан Кыргыз-Тажик чек арасындагы жаңжалдын натыйжасында 173 адам жаракат алып, 36 адам каза болгон.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
mira28
2021-08-05 23:39:52
Тажиктерди дагы бир жолу кудайга салдым.Канча кишинин омур бойу мээнет кылып салган зангыраган уйлорун орттоп,эми кыштан фундаментсиз уйдо кантип чыгат.Козго жаш келетго,бечара карапайым элдин тапканын орттогон тажик ит цыгандардын да уйу куйсун.
+3
Alishdaman
2021-08-06 00:10:36
3,4 сүрөттөгү үйлөр бир ай мурун тартылган дагы деле ошол бойдон го
0
Antiradikal3
2021-08-06 10:17:47
Эптемей панель уйлорду салып, мына уй деп алдап жаткан турбайбы бийлик. Бул уйлор эптемей, байкуш баткендиетер кайра оздору уй салып алганча эптеп чыдап жашап турат да, башка эмне кылышсын.

Жоо чапчудай оз элине соомойун кезеп, антип жиберем, минтип жиберем деген Ташиевдин катасы бул, ошонун жоопкерсиздиги. Провокациянын башы Ташиевке барып такалат. Анан калса тажик тарап согушка даярданып жатканын биле туруп спокойно Германияга кетип калды. Садыр экоо жооп берсин!!!
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан