Роза Акназарова: "Кадамжай районундагы оорукана урап калуу абалында турат"

Жогорку Кеңештин 31-октябрдагы жыйынында депутат Роза Акназарова жаратылыш кырсыктарынан бузулган социалдык объектилер оңдоого муктаж экенин белгилеп өттү. “Кадамжай районунда 8-9 баллдык жер титирөө болгонун билебиз. Буга 360 миллион сом бөлүү чечими кабыл алынган. Бирок 30 миллион сом гана каражат бөлүндү. Азыр райондогу урап калуу алдында турган ооруканада адамдар дарыланып жатышат. Өкмөттөн бөлүнгөн каражат толугу менен берилген эмес. Ак-Талаа районундагы жер титирөөдөн кийин үй-жайсыз калып, чатырларда жашагандар да бар”,- деди депутат. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан