Биз социалдык тармакта

Пенсияны жогорулатуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине караштуу Социалдык фонддун төрагасы Жаныбек Орозалиевди кабыл алды. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, кеңешменин жүрүшүндө Социалдык фонддун иши, анын ичинде пенсиялык камсыздоонун учурдагы абалы каралган.
"Социалдык фонддун төрагасы ушул жылдын соңуна чейин пенсияларды жогорулатуу механизмдери жана пенсиялык камсыздоо тутумун реформалоонун негизги артыкчылыктары, анын катарында пенсияны дайындоо процедураларын жөнөкөйлөштүрүү тууралуу маалымат берди.
Пенсиялык камсыздоо тутумун реформалоо жарандарга карата акыйкаттуулукту сунуштап, мурда төлөнгөн суммага шайкеш пенсия менен камсыздоосу тийиш", - деп айтылат маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Nurtoruk
2021-08-06 10:59:42
пенсияга кошсо жакшы болмок бардык нерсе кымбат пенсия менен айлык аз
+2
Antiradikal4
2021-08-06 11:34:15
Бензиндин баасы 58, бир кап ун 1800, суу май 180, сабиз 80 болуп, элдин Жапаровго болгон ишеничи кете баштаганда гана бийлик эсине келе баштаган ондонот.

Эми пенсияга 5-10% кошуп элди алдайт да, олкодо инфляция 50-70% болуп жатканда...
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан