Биз социалдык тармакта

Алдамчылыкка шектелип кармалган "Элиза үй буюмдарынын" өкүлдөрү үй камагына чыгарылды

27-июлда "Элиза үй буюмдарынын" өкүлдөрү алдамчылыкка шектелип кармалганы маалымдалган. Шектүүлөр, тагыраагы 24 жаштагы Элиза Бактыбек кызы жана анын 27 жаштагы жолдошу үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ, 5-августта алардын баш коргоо чарасы каралып, үй камагына чыгаруу чечими кабыл алынган.

Эске салсак, буга чейин Свердлов райондук ички иштер башкармалыгына М.М. аттуу жаран арыз менен кайрылып, Э. аттуу аял алдамчылык жолу менен анын ишенимине кирип, "Элиза үй буюмдары" тобундагы абоненттик номерлердин акчасын көбөйтүп берүүнү айтып, акча каражатын алганын жазган. Ошондой эле "Элиза үй буюмдарынын" өкүлдөрү каржы пирамидасынын уюштуруучулары болуп саналганы белгилүү болгон.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө иштери жүргүзүлүп баштаган.

Андан бери "Элиза үй буюмдарынын" өкүлдөрүнүн тарапташтары митингге чыгып, Элиза Бактыбек кызы кош бойлуу экендигин жана 1 жарым жаштагы баласы кароосуз калганын айтып, бошотууну талап кылып чыгышкан.

Алдамчылыкка шектелип кармалган "Элиза үй буюмдарынын" өкүлдөрү үй камагына чыгарылды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Ozgocho111
2021-08-06 13:41:56
Элдин акчасын толоп бербесе кудайым ошондой кылып жазалайт, толосун баарын, аман эсен тороп,адал эмгек кылайын деп ойлон...
+1
Erlan_95
2021-08-06 14:08:26
Мен бул видеону коруп акчасын уттургандарга грамм боорум ачыган жок. Жакшы болуптур ошону кормоксунор. Дагы ушундайларды колдоп дагы лох болуп журо бергиле миллиондоп карыз болуп. Жакшы болуптур
+3
Gulina90
2021-08-07 08:31:43
Эл ишене берет экенда ушундай шылуундарга,алган акчаларын толук толотуш кк.

+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан