Биз социалдык тармакта

Чек ара кызматы: "Лейлекте Тажикстандын жарандары такталбаган жер тилкесине тосмо кура баштаган"

Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Максат айылында Тажикстандын жарандары такталбаган жер тилкесине тосмо кура башташкан. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, кечээ, 5-август күнү Максат айылында болжол менен саат 18:30 чамасында такталбаган тилкеде Тажикстандын жарандары үйдүн айланасына тосмо кура башташкан.

"Буга байланыштуу Кыргыз өлкөсү менен Тажикстандын чек ара кызматынын өкүлдөрү сүйлөшүү жүргүзүп, саат 18:50 чамасында курулуш иштери токтотулган. УКМКнын чек ара кызматы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги кырдаалга мониторинг жүргүзүп, чек аранын такталбаган тилкелериндеги ар кандай ишмердүүлүктү тыгыз көзөмөлгө алат", - деп жазылат маалыматта.

Аталган кызматтан бүгүн, 6-августка карата чек арада абал туруктуу экенин белгилешти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Dembele84
2021-08-06 15:17:03
Тажиктер зериккенде эле чек арага кирип тойгозду да.
+6
Alinur96kg
2021-08-06 15:24:34
Ушу тажиктер бир балээ болду го.Буларды эмне кылыш керек озу.Эч нерсе кыла алышпайт деп билген бокторун жеп башташты да.
+6
-FREEDOM-
2021-08-06 15:35:31
Созго тушунбогон сабатсыз манка тажиктер
+5
Rifle_I
2021-08-06 17:31:58
Биздин аскерлерди күчтөндүрүп, куралдарын жаңылоо зарыл. Заманбап техникалар менен камсыздаш керек. Ар бир чек арага рейдге чыкканда үстүнөн дрон карап, артынан артилерия коргоп турса тажиктерди айрып салса болот. Болгону Путин кой деп жатат.
+1
Zumrudianka
2021-08-07 08:25:25
Бул тузиктер ТУПОЙ калк окшойт. Грамотный президенти созго келбегенден кийин обычный пограничниктери и калкы тушунот беле созду. ТАКТАЛБАГАН деген нерсени нан деп ойлошот окшойт Аллахтын каары жаагыр тузиктер
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан