ФЕТОнун Орто Азиядагы өкүлү катары айыпталып жаткан "Сапат" билим берүү мекемесинин башчысы Орхан Инандынын колуна түрмөнүн ооруканасында операция жасалды. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттарынын бирине анын жактоочусу Халил Ибрагим Йылмаз билдирген.
Маалыматка ылайык, Инандынын колу аны уурдоо учурунда сынган.
Белгилей кетсек, Түркиянын башкы прокуратурасы Инандыны 22 жыл, 6 айга эркинен ажыратууну талап кылууда.
Орхан Инанды ушул жылдын 1-июнунан бери дайынсыз болуп жаткан. 5-июлда Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Орхан Инанды атайын операциянын негизинде колго түшүрүлүп, Түркияга жеткирилгенин кабарлаган.
Орхан Инандынын жоголушу боюнча окуянын хронологиясы менен шилтеме аркылуу өтүп тааныша аласыз.