Асылбек Жээнбеков: "Равшан Жээнбековго окшогон адамдардан алыс болуу керектигин түшүндүм"

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы Асылбек Жээнбеков 31-октябрдагы пленардык жыйында "депутат Равшан Жээнбековго окшогон адамдардан алыс жүрүү керектигин түшүндүм" деди. Буга чейин депутат Равшан Жээнбеков төрагадан жыйындан чыгып кетпешин суранып “Кечээги жыйында бардык депутаттарга кыйкырып, сөөмөй менен көрсөтүп жаткансыз. Сиздин мындай кылганга укугуңуз жок” деп билдирген. Төрага отурумдан чыгып кетпегенин айтып: “Бардык маселе боюнча жооп бере алам. Мен эч жакка кеткен жокмун. Равшан Жээнбеков, сизге окшогон адамдардан алыс жүрүү керектигин түшүндүм. Бетиңизге айтайын дегем, азыр сиз чыгып кетипсиз”,- деди Асылбек Жээнбеков. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан