Бүгүн, 6-августка карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11 миллиард 895 миллион метр кубду түздү. Бул тууралуу "Электр станциялары" ачык акционердик коомунун басма сөз кызматынан билдиришти."Бүгүн, 6-августка карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11 миллиард 895 миллион метр кубду түздү. Суунун орточо күндүк агып кириши секундасына 503 метр куб, агып чыгышы 461 метр кубду түзүүдө", - деп билдиришти мекемеден.
Ал эми былтыр, 2020-жылы 6-августта 14 миллиард 214 миллион метр куб суу болгон.