Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Таалайбек Сарыбашов "Ынтымак" сейил багына барды. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.
Билдирүүдө айтылгандай, калаа башчысы аталган сейил бактагы сугаруунун сапатына нааразычылыгын билдирип, ал жакта өскөн жашыл аянттарды сапаттуу сугарууну уюштуруу боюнча тапшырма берди.
Ошондой эле курулушка катышкан бардык шаардык кызматтарга пландалган иштердин баары сапаттуу жана өз убагында аткарылышы керектиги айтылды.