Биз социалдык тармакта

Чүйдө 500 килограммдай жапайы кара куурай жок кылынды

Чүй облусунун Жайыл районунда жапайы кара куурайды жок кылуу иштери жүрүүдө. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чарага Жайыл районунун ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлдөрү жана жергиликтүү тургундар, жалпысынан 100дөн ашык адам тартылды.

Анда 1 гектар жерде өскөн 500 килограммдай жапайы кара куурай жок кылынды. Ошондой эле аталган иш-чаранын алкагында жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Чүй ОИИББинин баңгизаттарын мыйзамсыз жүгүртүү фактысы, баңгизатын уюштуруу жана жапайы баңгизаты бар өсүмдүктөрдүн өскөн жерлери тууралуу маалыматы бар жарандардан бул тууралуу аймактык милиция бөлүмүнө "102 " же (0312) 43-01 -27, 43-88-85 номерлерине чалып, кабарлап коюуну суранат.




РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан