
Чүй облусунун Аламүдүн районунда тоодо бутун кокустатып алган чет элдик жаранга жардам көрсөтүлдү. ӨКМнын маалымат кызматынан кабарлашкандай, турист Чехия өлкөсүнөн келген.
"6-августта эс алууга келген 1986-жылы туулган Ж.К. аттуу турист аял (туристтик компанияга катталган эмес), Ала-Арча жаратылыш сейил багында тоодо саякаттап жүрүп бутун кокустатып алып, жардам сурап кайрылган. Жерине 4 куткаруучу тартылып, жабыркаган адамды түнкү саат 01:40та тоодон түшүрүп, "Тез жардам" кызматына өткөрүп беришти", - дешти мекемеден.