Бүгүн, 7-августта "Манас" эл аралык аэропортуна Токиодон кыргыз спортчуларынын бир бөлүгү учуп келет. Аларды тосуп алууга журналисттер жана атайын дерекциянын өкүлдөрү, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев, белгилүү спортчулар, маданияттын мыктылары дагы келишти.
Андан тышкары Олимпиада оюндарында Кыргыз өлкөсүнүн тарыхындагы алгачкы күмүш медалдын ээси Канатбек Бегалиев, оор атлетчи Бекдөөлөт Расулбеков, сууда сүзүү боюнча спортчу Денис Петрашов жана ок атуу боюнча спортчу Каныкей Кубанычбекова келди.
Спортчулар отурган учак аба майданга ийгиликтүү конду. Кыргыз курамасын тосуп алуу учурундагы видеолор топтомун сунуштайбыз.