Президент Садыр Жапаров "Ала-Тоо" аянтында маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиевге сөгүш берди. Буга Олимпиада оюндарында медалга ээ болгон 3 спортчунун бирине сөз берилип, экөөнө, тагыраагы, Акжол Махмудов менен Мээрим Жуманазаровага сөз берилбей калганы себеп болду.
"Урматтуу кыргыз элим, өкмөттүн аппаратынын уюштуруучуларынан анча-мынча ката кетип калат. Мен өзүм дагы байкабай калыптырмын, эки медаль ээлерине сөз берилбей калганына. Азыр атайын чакырып аларга да соз бердирдим. Сиздердин алдыңыздарда министрге сөгүш жарыялап кетейин. Кийинки жылдары мындан дагы чоң жетишкендиктерге жетели", - деди Жапаров.
Бүгүн, 7-августта Токиодо өткөн жайкы Олимпиада оюндарына катышкан спортчулар өлкөгө кайтып келишти. Аларды тосуп алуу аземи учурда "Ала-Тоо" аянтында уланууда.