Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев бүгүн, 31-октябрда Өкмөт үйүндө өткөн конференцияда: “Мен бийликтин вертикалдуулугун күчөтүүнү сунуштадым. Азыркы учурда өкмөт башчынын бийлиги өтө көп”,- деп билдирди. Айтымында, айрым ыйгарым укуктарын жергиликтүү бийликке өткөрүп берүүгө даяр. “Качан ар ким өз иши менен гана алектенгенде гана мамлекет күчтүү болот. Министр министрлик, депутат депутаттык иштер менен алектениши керек”,- дейт Сатыбалдиев.