Жантөрө Сатыбалдиев: "Кыргызстандагы алсыз тармак – газды импорттоо"
Бишкекте 31-октябрдагы маалымат жыйында премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев “Кыргызстандын
алсыз тармактарынын бири – газды импорттоо” деп билдирди. Кышка карата жылуулук берүү
сезону план боюнча аткарылганын жана кемчиликтер бар экенин белгилеп: “Кыргыз
турак жай бирикмесине” каражат бөлүнөт. Бардык маселелерди чечкенге аракет
кылабыз. Газды импорттоо Кыргызстандан көз каранды эмес. Ошондуктан газды
импорттоодо алсыздык көрүнүп жатат. Электр энергия менен камсыз кылууга байланыштуу
ички көйгөйлөрдү чечүүдө кыйынчылык болбойт деп үмүттөнөм”,- деди өкмөт башчы.