Биз социалдык тармакта

Жалал-Абадда 74 миңден ашык жаран эмдөөдөн өттү

Жалал-Абадда 74 миңден ашык жаран эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу бүгүн, 9-августта Жалал-Абад облусундагы президенттин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ырысбек Ызабеков билдирди.

"Облустун аймагында 133 убактылуу эмдөө пункттары ачылган. Жалал-Абад облусунда 8-август күнүнө карата облус боюнча жалпы 74 миң 884 жаран эмдөөдөн өттү. Айта кетсек, жаңы окуу жылынын башталышына карата билим берүү мекемелериндеги жалпы 16 миң 703 мугалимдин ичинен 8 миң 35 мугалим эмдөөдөн өттү. Ал эми бала бакчаларда жалпы 1 миң 551 тарбиячы иштеп, анын ичинен 1 миң 275 тарбиячы эмдөө алган", - деди Ырысбек Ызабеков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан