Биз социалдык тармакта

Ошто аэропорттун кире беришине мыйзамсыз орнотулган шлагбаум алып салынды

Ош шаарынын аэропортунун кире беришиндеги акы төлөнүүчү шлагбаум алып салынды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2017-жылы “Ош-Аэропорт” авто жолунун бир бөлүгү (165 метр), коопсуздукту сактоо жана көрктөндүрүү үчүн “Манас” эл аралык аэропортуна берилген.

“Манас” эл аралык аэропорту ачык акционердик коому мыйзамды жана жолду үчүнчү тарапка берүүгө тыюу салган эки тараптуу келишимди бузуп, “Т.Г” жоопкерчилиги чектелген коомуна пайдаланууга берип салган. Ал эми аталган коом болсо, аэропорттун кире беришине мыйзамсыз түрдө шлагбаум орнотуп, аэропортко кирген ар бир автоунаадан акы алып турган.

2-июнда Ош шаардык прокуратурасы тарабынан ченемдик укуктук актылардын бузулушун четтетүү жөнүндө тиешелүү мамлекеттик органдарга талап келтирилип, “Ош-Аэропорт” автожолуна мыйзамсыз орнотулган шлагбаум алып салынды.

Мындан сырткары, прокурордук текшерүүнүн жүрүшүндө аталган юридикалык тараптардын ортосунда түзүлгөн келишимге жолдун пайдалануудагы бөлүгүн субарендага берүү боюнча жалган маалыматтарды киргизүү фактысы аныкталган. Материалдар Жазык кодексинин 320-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 233-беренеси (Коммерциялык же башка уюмда ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу) менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Dembele84
2021-08-09 13:13:48
Шлагбаум адамдардын канын ичип келген
+6
Pankration_MMA
2021-08-09 13:23:05
Dembele84,Эми бекер киришеби ошондо?
+1
NURSAPAR
2021-08-09 13:30:40
Мыйзамсыз болсо, ошол топтогон акчаларын мамлекетке төгөбү? Же мен билбей калыпмын болобу
+3
Tursunbaev1978
2021-08-09 14:11:57
NURSAPAR,кечирим сурап коёт болду))))
+4
zhaynak
2021-08-09 14:13:10
Эн сонун жанылык.
+1
Antiradikal3
2021-08-09 15:59:22
Жакшы жанылык. Буга чейин абадан акча жасап, элди жону жок карактап келишкен. Ушул койгойду которуп, элге, бийликке унун жеткире алган журналист Ыдырыс Исаковдун мээнетин айтып кетуу керек. Рахмат ошол жигитке. Башкалар корсо кормоксон болуп келген койгойду коркпой айтып чыкты.

Негизи эле олко боюнча жол жээктерин аренда кылып, ар трктогон унаадан акча алгандарды да жокко чыгарсанар жакшы болмок. Айрыкча Жалал-Абад, Ош шаарларында.
+1
nazira...
2021-08-09 19:23:05
Жакшы. Бирок ачык болсо деле место жок кирсен, лучше кичине алыс болсо да берки стоянкасына кое бериш керек.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан