Чүй облусунун Юрьевка айылында дайынсыз болуп жаткан 11 жаштагы Зейнеп Кадырова аман-эсен табылды. Бул тууралуу Чүй облустук милициядан билдиришти.
Ал 6-август күнү саат 13:00 чамасында үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып барган эмес.
Зейнеп Кадырова 2010-жылы туулган. Үйдөн чыгып кеткен күнү кара көйнөк, башына кара түстөгү жоолук, күрөң түстөгү бут кийим кийип жүргөн.